From Wikipedia, the free encyclopedia
Чоң Каньон (Grand Canyon), Колорадо Чоң Каньону Колорадо д-нын ортонку агымында, Колорадо платосунда (АКШ, Аризона штаты) жайгашкан.
Дүйнөдөгү эң терең каньондордун бири. Литл-Колорадо суусу куйгандан тартып агым боюнча 320 кмге созулат. Терең диги 1800 мге чейин, туурасы платонун үстүнкү деңгэалинде (2100-2400 м бийикте) 8-25 км, дарыя суусунун деңгээлинде 2 кмдей (кээ бир жерлеринде 120 лгдей). Аскалуу капталдарында бастион, колонна жана пирамида формасындагы урчуктар, аскалар көп. Чоң Каньон кайнозойдо Колорадо д-нын эрозиялык аракетинин натыйжасында пайда болгон. Жаратылышында бийиктик алкактуулук байкалат. Каньондун таманында өскөн чөл өсүмдүктөрү (кактус, агава, юкка) тоо капталында туя, эмен, бай терек, тал кездешкен тилке менен алмашат. Андан жогору кызыл карагайлуу жана арчалуу зона жатат. Фаунасы бай. Канаттуулардын жүздөй түрү уялап, сүт эмүүчүлөрдүн б0тайы байырлайт. Туризм өнүккөн. Улуттук парк 1979-жылдан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.