28 июнь — Григорий календары боюнча жылдын 179-чу күнү (толук жыл боюнча 180-чи күн). Жылдын аягына чейин 186 күн бар.
- Ошондой эле караңыз: Категория:28 июндагы майрамдар
- Ошондой эле караңыз: Категория:28 июндагы окуялар
- 1895 - Сальвадор, Гондурас жана Никарагуа биригип «Борбордук Америка Биримдигин» түзүштү.
- 1914 - серб окуучу Гаврило Принцип Австриянын Венргия мураскери Франц Фердинанд жана аялын Сараеводо өлтүрдү. Австрия бул окуяны негиз катары көрсөтүп Сербияга согуш жарыялады жана Биринчи Дүйнөлүк согуш башталды.
- 1919 - Биринчи Дүйнөлүк согушун расмий түрдө акырына чыгарган Версаль тынчтык келишимине Антанта мамлекеттери менен Германиянын ортосунда кол коюлду.
- 1967 - Израиль Чыгыш Кудусту колго алды.
- 2006 - Черногория БУУга 192 - мүчө өлкө болуп кабыл алынды.
- 2016 - Стамбулдагы Ататүрк аэропортунун тышкы каттамдар терминалында куралдуу жана бомбалуу жан кечтилик кол салуу болду. Кол салууда жан кечтилик кол салуучулар менен бирге 45 киши каза болуп, 239 киши да жараланды.
- Ошондой эле караңыз: Категория:28 июнда төрөлгөндөр
- Ошондой эле караңыз: Категория:28 июнда каза болгондор
- Ошондой эле караңыз: Категория:28 июнь