7 Январь (Үчтүн айы)
From Wikipedia, the free encyclopedia
7-январь — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 7-күнү, жылдын аягына чейин 358 (толук жылда 365) күн бар.
Улуттук
- Египет — Сехмет кудайына, күндүн узаруусуна арналган күн.
Диний
Православие
- Рождество — Юлиан жылсанагы боюнча Иса пайгамбардын туулган күнү.
Кыргызстанда
- 1657 — энесайлык кыргыздардын элчилери Красноярск шаарына барышып, аларды аскер башчысы Скрябин кабыл алган.
- 1928 — Кыргызстанга Совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик чыккан.
- 1953 — таанымал сынчы Б. Медовойдун маалымдоо каражаттарында жарык көргөн сын макаласынан улам маданият коомчулугу Чыңгыз Айтматов туурасында кабар алган.
Дүйнөдө
- 1852 — Санкт-Петербургда Рождество майрамына карата алгачкы жолу коомдук балаты орнотулуп, кооздолгон.
- 1980 — Индира Ганди экинчи ирет Индиянын өкмөт башчысы болуп шайланган.
- 2015 — Үч террорчу "Charlie-Hebdo" сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан.
- 1827 — Сэндфорд Флеминг, канадалык инженер.
- 1903 — Владимир Власов, кыргыз профессионал музыкасына негиз салгандардын бири, Кыргыз Эл артисти.
- 1933 — Евгений Колесников, белгилүү кыргызстандык жазуучу жана акын.
- 1952 — Дэвид Карузо, америкалык актёр.
- 1964 — Николас Кейж, америкалык актёр, продюссер.