Ала-Тоо

From Wikipedia, the free encyclopedia

Ала-Тоо
Remove ads

Ала-Тоо топоним, эпостун көп варианттарында эскерилген жердин аты. Эпосто кыргыздардын Алтайдан А.-Т-го көчүп келиши кеңири баяндалат. Азыркы кыргыз тоолору жалпысынан А.-Т. деп аталган. Кээ бир варианттарда айрым каармандардын образдары А.-Т-го салыштырылып берилет. Манастын образы «Ала-Тоодой эр Манас» (Радлов жазып алган вариант, 95) делип, Калмактардын кан Жолой Сөлөкөтү, сөөлөтү Атка минген келбети, Ала-Тоодой көрүнүп (Саякбай Каралаев, 2. 21),— деп сыпатталат. Айрым учурда: «Атакемдин ашына Ала-Тоодой эт кылам, Ала-Көлдөй чык кылам» (Саякбай Каралаев, 2. 9),— деп көптүктү, молдукту билдирүүчү салыштыруу иретинде да колдонулат.

Thumb
Ала-Тоо.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads