Анкилостомидоз

From Wikipedia, the free encyclopedia

Анкилостомидоз
Remove ads

Анкилостомидоз - кишинин ичегисиндеги мите - анкилостидалар пайда кылуучу оору. Оорулуу адамдын заңы менен чыккан мите курттун жумурткалары жерде личинкага айланат. Ал личинкалар менен булганган жашылча, мөмө жемишгер жана башка тамак-аш менен соо кишинин ичегисине келет. Ал жерде личинкалар 8-10 жумада чоң куртка айланып, ичегинин былжыр челин жаралап, кан соруп азыктанат. Оорулуу канын жоготуп, алсырап, башы ооруп, карыны менен боорунун тушу ооруп, зарна болуп, кусат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Аны алдын алууда мите жуккан кишини эртерээк таап дарылоо, булганган жерлерди зыянсыздандыруу, тамак-ашты таза сактоо, өздүк гигиена эрежелерин бузбоо зор мааниге ээ.

Thumb
Ancylostoma caninum.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads