Аринбасарова Наталья Утевлевна
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Наталья Аринбасарова (каз. Наталья Өтеуліқызы Арынбасарова) – театр жана кино артисти.
Remove ads
Өмүр баяны
Наталья Арынбасарова 1946-жылы 24-сентябрда Москва шаарында туулган. Атасы Өтеули — казак, апасы Мария полька болгон.
Москва хореография окуу жайын (1964), ВГИКтин актёрлук факультетин (1974) бүткөн. Киноишмердигин кыргыз фильмдеринде тартылуу менен баштаган. «Биринчи мугалим» (режиссёр А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинофильминде Алтынайдын ролун чоң драматизм менен, психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла»(режиссёр И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (режиссёр Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (режиссёр Т. Океев, 1977) ж. б. фильмдерине тартылган. Арынбасарова - СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты
Remove ads
Сыйлыктары
- 1966-жылы Алтынай ролу үчүн Наталья Арынбасарова Волпи кубогуна татыган[2]
- 1980-жылы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
Театрда жана кинодогу ролдору
- 1965 — Биринчи мугалим — Алтынай
- 1968 — «Ташкент — город хлебный» — Сауле
- 1968 — Жамийла — "Жамийла"
Шилтемелер
Колдонулган адабияттар
Сырткы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads

