Арстанбап шаркыратмасы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Арстанбап шаркыратмасы ― Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы Бабаш-Ата тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан жаратылыш эстелиги. Ал Арстанбап кыштагына жакын, тоонун этегиндеги тик аскадан агып түшөт. Бул жерде эки шаркыратма бар: Чоң жана Кичи.

Чоң шаркыратманын жалпы бийиктиги болжол менен 80 метрди түзүп, үч баскычтан турат. Суу аскадан агып түшүп, эки беттеги жалама зоолор аркылуу кууш каньонду пайда кылат.
Кичи шаркыратма өзгөчө кооздугу менен айырмаланат. Анын бийиктиги 20 метрге жетет. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көкжеле пайда кылат. Аскалардын беттери жашыл эңилчектер менен капталган.
Шаркыратманын айланасындагы жаратылыш кооздугуна жаңгак-жемиш токою жана башка өсүмдүктөр өз көркүн кошот. Илгери бул жер, айрыкча шаркыратмалар, динчилдердин зыярат кылуучу ыйык жери болуп келген. Азыр болсо туристтердин жана эс алуучулардын сүйүктүү жайына айланган.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine. — Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. — 728 б. —ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads