Аскаридалар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Аскаридалар
Remove ads

Аскаридалар (лат. Ascarididae) - адам жана омурткалуу жаныбардын ичегисинде мителик кылуучу жумуру курттар. Киши жана чочко аскаридалары кеңири таралган. Ургаачысынын узундугу 25-40, эркегиники 15-25 см. Ургаачысы суткасына 250 миңге чейин жумуртка тууйт, ал тамак же суу аркылуу кишинин ичегисине кирип, андан личинка жетилип, ичегинин былжыр челин көзөп, вена канына өтөт да, кан агымы менен жүрөккө, андан өпкө жана кекиртек аркылуу 2-жолу оозго барып, тамак сиңирүү системасына өтөт. Личинка ичке ичегиде чоң митеге айланып, 2-2,5 айдан кийин жумуртка тууй баштайт. Ал жумурткалар ээсинин заңы менен сыртка чыгат. Аскариладар коркунучтуу оору - аскаридозду пайда кылат.

Thumb
Toxocara cati.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads