Бакиев Курманбек Салиевич

Кыргызстандын 2-чи президенти (2005—2010) From Wikipedia, the free encyclopedia

Бакиев Курманбек Салиевич
Remove ads

Бакиев Курманбек Салиевичкыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмери, Кыргызстандын 2-чи президенти.

Ыкчам фактылар Андан мурунку:, Андан кийинки: ...
Remove ads

Өмүр баяны

Бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы «Элдик ыңкылаптын» («Жоогазын ыңкылабынын») жеңишинин аркасында келген. Революциянын алгачкы сааттарында президентик милдетти Ишенбай Кадырбеков аткарган, андан соң бул кызматты Бакиев аркалап калган. 2005-жылы июлда (Теке айы)президент болуп жалпы тикелей шайлоонун натыйжасында шайланган. 2002-жылы (айтылуу Аксы окуяларынын маалында) өкмөт башчы болгон. 2009-жылы 23-августунда (Баш оона айдын 23) Кыргыз Республикасынын Президент шайлоосунда 6 талапкерлерден (Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Жеңишбек Назаралиев, Курманбек Бакиев, Уметалиева, Мотуев) арасынан 80 % ашык добуштары менен жеңүүчү Курманбек Бакиев чыккан.

Thumb
Курманбек Бакиев менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев. Бишкек, 2008-жыл
Remove ads

2010-жылкы элдик ыңкылап

2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп чыгып, натыйжада ал оболу 7-апрелде Бишкектеги Ак Үйдөн Ош шаары аркылуу туулуп-өскөн айылы Тейитке кеткен, андан соң ал 15-апрелде Казакстан аркылуу Беларуска кеткен. Ушул тапта ал Минскинин жанында жашайт. Биринчи аялы Татьяна Орусияда жана Европада байырлап жатат.

Коррупцияга белчесинен батты деп шектелген уулу Максим Бакиев ушул тапта Улуу Британияда жүрөт.

Remove ads

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads