Бактериология

From Wikipedia, the free encyclopedia

Бактериология
Remove ads

Бактериология — микробиологиянын бактерияларды изилдөөчү бөлүмү. Жалпы бактериология бактериялардын классификациясын, түзүлүшүн жана химиялык составын, ар кандай азык чөйрөдө бактериялардын өсүшүн жана мындагы азык субстраттын өзгөрүшүн, айлана-чөйрө факторлорунун бактерияларга тийгизген таасирин изилдейт. Медициналык бактериология кишиде оору козгоочу (патогендүү) бактериялардын касиетин, аларды бөлүп таануу методун, диагностика, иммунитет маселелерин изилдейт. Жаныбарлардын жугуштуу ооруларын изилдөөчү ветеринариялык бактериология, ошондой эле санитариялык, айыл чарба жана өнөр жай бактериологиясы бар.

Thumb
Бактериология.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads