Баланте (эл)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Баланте (балант, буланда, брасса) — Батыш Африкада жашаган эл.
Гвинея-Бисау 600 миң
Кабо-Верде 60 миң
Сенегал 30 миң
Жалпы саны 700 миңге жакын адам.
Remove ads
Тил
Баланте тилинде сүйлөшөт. Ал тил Нигер-конго макроүй-бүлөсүнүн курамындагы Батыш-атлантикалык уясына кирет. Тил бир нече диалектилерге бөлүнөт.
Ошондой эле, португал тили кеңири таралган.
Дин
Көбү жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Баланте элине политеизм, ата-бабаларга жана жаратылыш рухтарына сыйынуу мүнөздүү.
Чарбалык иштер
Негизги кесиби — тропикалык жерлерди иштеттирүү. Жүгөрү, жер жаңгак, күрүч, маниок, батат, фонио таруусу, ямс өстүрүшөт.
Ири жана майда мүйүздүү мал багышат.
Андан тышкары балык уулоо жана аңчылык менен алектенишет.
Кол өнөрчүлүк
Баланте жасаган кооз саймалар жана оймо-чиймелер дүйнө жүзү боюнча белгилүү.
Тамак-аш
Күрүчтөн, фониодон, пальма майы кошулган сорполор жана ботколор.
Коом
Коомдук түзүлүштүн негизин чакан жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү бириктирген айылдык жамааттар түзөт. Алар негизинен чакан айылдарда жашашат. Туугандык эсеп — эне жактан.
Турак жай
Тик бурчтуу үй. Чатыры бийик эки же төрт бурчтуу. Дубалдары камыштан жана чоподон жасалган. Короолор бийик тосмолор менен курчалган.
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads