Биогельминттер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Биогельминттер (био.. . жана гельминттер) - личинка стадиясында ар кандай жаныбарларда (аралык ээси), жетилгенде адамда жана малда (акыркы ээси) мителик кылган мите курттардын тобу.
Мис, бодонун тасма курту адамдын ичеги-карынында мителик кылат, личинкалары (финкалар) бодо малдын булчуң эттеринде өөрчүйт. Финкалары бар чала бышкан этти жеген адам аларды жуктуруп алат. Биогельминттерге тасма, боордун соргуч курту, трихина, аскарида, эхинококк ш. б. кирет. Биогельминттерди гельминтолог К. И. Скрябин ачкан.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads