Бишкек-Ош автомобиль жолу

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Бишкек–Ош автомобиль жолу — Кыргызстандын түндүгүн түштүгү менен байланыштырган стратегиялык маанидеги жол. Жолдун курулушу 1941-жылы башталган.

1941-жылдын августуна чейин Бишкек–Сосновка жана Кара-Суу–Ош бөлүктөрү курулган. Токтогул ГЭСинин курулушу башталгандан кийин бул жолду реконструкциялоо зарылчылыгы пайда болгон. Анткени ГЭСке керектүү техникаларды жана жабдууларды ташуу үчүн жол жетишсиз болгон.

1956-жылы август айында СССР Министрлер Советинин “Фрунзе–Суусамыр–Ош жолунун курулушу жөнүндө” №518 токтому кабыл алынган. Бул курулуш Бишкектеги №16 жол курулуш башкармасына жүктөлгөн. Сосновка айылында, Токтогул шаарчасында жана Таш-Көмүр шаарында атайын курулуш башкармалыктары түзүлгөн.

Кара-Көл шаарынын аймагындагы өтө татаал тоолуу бөлүктөрдө жол курулушу 1962-жылдын 17-апрелинде башталып, 1964-жылы аяктаган. 1965-жылы узундугу 678 км болгон Бишкек–Ош жолу толугу менен курулуп, пайдаланууга берилген.

1995-жылы “Бишкек–Ош” автомобиль жолун реабилитациялоо долбоору иштелип чыккан. Долбоордун болжолдуу наркы 240 млн АКШ долларын түзгөн. Ал үч этапта ишке ашырылган.

1997-жылдан тартып курулуш иштерин Ирандын "Kayson" компаниясы жана "Суусамыр-Интер" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы аткарган. Долбоорго Жапон Эл аралык кызматташтык банкы жана Азия өнүгүү банкы каржылык колдоо көрсөткөн. Жапон банкынын кредити — 27,98 млн доллар, Азия өнүгүү банкыныкы — 50 млн доллар болгон.

1-фаза боюнча курулуш иштерин көзөмөлдөө жана кеңеш берүү кызматын Даниянын "Carl Bro International" компаниясы аткарган. Учурда бул жол курулуш тармагында 3,5 миңден ашуун адам эмгектенүүдө.

Remove ads
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads