Бонайре

From Wikipedia, the free encyclopedia

Бонайре
Remove ads

Бонайре, ошондой эле Бонэйр (нидерл. Bonaire, айтылышы [boːˈnɛːr(ə)]; папиам. Boneiru, [buˈneiru] же [boˈnɛiru]) – Кариб деңизинде жайгашкан арал, ал Нидерланддын (Нидерланд Королдугунун) атайын муниципалитети болуп эсептелет. Аруба, Бонайре жана Кюрасао ABC аралдарын түзөт, алар Венесуэланын жээгинен 80 км аралыкта жайгашкан[1]. Бонайренин расмий тили — нидерланд тили, бирок жергиликтүү калк негизинен папиаменто тилинде сүйлөйт.

Ыкчам фактылар Мамлекет, Аянты ...

Калкы – 25 133 адамды түзөт (2024)[2]. Административдик борбору жана эң чоң шаары — Кралендейк. Эң эски конуш — Ринкон, ал Кралендейктин түндүк-батышында жайгашкан. Конуш XVI кылымдын башында испандыктар тарабынан негизделген.

Remove ads

География

Бонайре Венесуэланын жээгинен болжол менен 80 чакырым алыстыкта жайгашкан[3]. Аралдын аянты 288 км² [4]. Бонайре аралынын түзүлүшү вулкандык тектердин өзөгүнөн турат, алар негизинен карбонат тектери жана ага байланыштуу жээгиндеги маржан рифтери менен капталган. Аралдын түндүк бөлүгү тоолуу, эң бийик тоосу Брандарис тоосу – 240 м. Аралдын тущтүк бөлүгү негизинен тегиз. Аралдын түштүк-чыгыш тарабында ак туз пирамидаралы жайгашкан. Күн нуру менен туз өндүрүүчү бул жай, Кариб деңизиндеги эң чоң ишканалардын бири болуп саналат жана азыркы учурда Миннеаполис (Миннесота) шаарында жайгашкан Cargill компаниясына таандык[5]. Аралдын түштүк бөлүгүндө Лак Бэй тайыз булуңунда чоң мангр токойлору жайгашкан. Бонайренин жээгинде көптөгөн лагуналарды жана куймаларды кездештирүүгө болот, алардын эң чоңу — Гото көлү[4]. Температура орточо 28 °C чамасында болот; таза жана кургак чыгыштан соккон пассат шамалдары жылына 500 ммден аз жамгыр алып келет[6]. Бонэйр аралынын жанында Клейн-Бонэйр (Кичинекей Бонэйр) – адамдар жашабаган аралча жайгашкан.

Бонэйр аралынын фаунасы ар түрдүү жаныбарларга бай. Бул жерде кескелдириктер, фламинголор, жарганаттар, игуаналар, 200гө жакын канаттуу түрлөрү жана жапайылашкан эчкилер кездешет[7]. Аралды курчап турган сууда 450дөн ашуун балык түрлөрү, төрт түрдүү деңиз ташбакалары жана болжол менен 70 түрдөгү суу өсүмдүктөрү катталган.

Remove ads

Тарых

Thumb
Бонэйрдеги эски кул тамдары, тарыхый эстеликтер

1499-жылы Америго Веспуччи экспедициясы менен Бонэйрди ачкан. Бирок бул жерлерде Америго келгенге чейин эле индейлер жашап келишкен. Бүгүнкү күндө дагы Бонэйрдин түндүк бөлүгүндөгү бир нече жерден индейлердин сүрөттөрүн көрүүгө болот. Испания Бонэйрди болжол менен бир кылымга жакын убакыт ичинде колония катары башкарган. 16-кылымдын башында испандардын башкаруусунан 1636-жылы голландиялыктар күч менен өз колуна алышкан. 1954-жылга чейин (19-кылымдын башындагы кыска мөөнөттүү англиялык оккупацияны эсепке албаганда) Бонэйр Голландиянын колониясы болуп келген. 1954-жылдан бери ал Нидерланд Королдугунун курамындагы автономдуу аймак катары иштеп келген, ал эми 2010-жылдан тартып «өзгөчө муниципалитет» макамын алган[8].

Колониялык доордо Бонайре кул базары катары кызмат кылып, Кюрасаонун плантациялык экономикасы үчүн кулдарды камсыздаган. Калктын көпчүлүгү кулчулукка алынган африкалыктардан тараган, калганы болсо Кариб индейлеринен, испан жана голландиялык отурукташуучулардан ар кандай айкалышта келип чыккан. Калктын басымдуу бөлүгү рим-католик динин тутунат[6].

Remove ads

Галерея

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads