Ашыралы Боталиев

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Боталиев Ашыраалы (1906, Чүй району, Кызыл-Арык айылы — 1978, Фрунзе) - кыргыз совет артисти Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Кыргыз театр өнөрүн баштоочуларын бири.

Ыкчам фактылар
Remove ads

Өмүр таржымалы

1926-30-жылдары Кыргыз театр студиясында окуган.

1930-34-жылдары Кыргыз мамлекеттик театрынын, 1934-42-жылдары Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1942-52-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын солисти.

1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрынын артисти.

Боталиев түзгөн образдарга терең граждандуулук, психологизм мүнөздүү. Ал ар түрдүү драмалык, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандарын образын түзгөн кеңири диапозондуу актер.

Remove ads

Кинодо аткарган ролдору

Боталиев театр студиясында окуп жүргөндө эле “Кайгылуу Какейде” (1927) Күйөө жолдоштун, “Козголоңдо” (1929) Чеусовдун, “Тобурчакта” (1931) Элчибектин ролун аткарган. Ал Искендердин образын (“Ажал ордуна”, 1935 ) түзүү менен кеңири таанылган.

Боталиев музыкалык драма театрында Акматтын (“ Карачач”, 1936), Жапардын (“Алтын кыз”, 1937), Аскердин (У. Гажибеков, “Аршин мал алаң”, 1940) ролдорун аткарган.

Фрунзенин (В. Власов, В. Фере, “Эл бактысы үчүн”, 1940), Баатырбектин (В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев, “Патриоттор”, 1941), Онегиндин (П. Чайковский, “Евгений Онегин”, 1942), Таздын (М. Раухвергер, “Көкүл”, 1942), партияларын ырдаган.

Андан кийинки көрүнүктү жолдорун: “Кол боюнда” (1950) операсындагы Жапар; В. И. Ленин (Н. Ф. Погодин, “Мылтыкчан киши”, 1952; К. Маликовдун “Бийик жерде”, 1953), Тихон (А. Островский, “Добул”,1958 ) Боромбай (А. Токомбаев, “Өлбөстүн өрөнү”, 1964), Батиста (У. Шекспир, “Азоого чалма”, 1966) жана башка.

Боталиев режиссер катары К. Эшмамбетовдун “Эгиз бала”(1957), К.Жантөшевдин “Биздин эне” (1961) деген пьесаларын жана башка спектаклдерди койгон.

Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып, 1926—30-ж. Кыргыз театр студиясында окуган; 1930—34-ж Кыргыз мамлекеттик театрынын, 1934—42-ж. Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1942—52-ж. Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1952-жылдан бери Кыргыз мамл. академиялык драма театрында улуттук ар кыл образдарды жараткан. Б-дин «Манаска» байланышкан чыгармачылык ишмердүүлүгү «Айчүрөк» операсынан башталган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз исккусствосунун он күндүгүнө даярдалган бул операда Б-ге Чынкожонун партиясы ыйгарылган. Ички душман катары сүрөттөлгөн бул каармандын татаал образын чеберчилик менен сахнага алып чыккан ырчынын ийгилиги москвалыктардын купулуна толот. Согуштан кийин «Манас» операсынан Бокмурундун партиясын аткарат. Б-дин опералык ырчы катары таанылышы биринчи кезекте залкар, кайталангыс каармандарынын образдары менен тыгыз байланыштуу.

Б. эки Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

Remove ads

Сыйлыктары

Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.
  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads