Ботояров Камбаралы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Камбаралы Ботояров (1944-1994) - кыргыз элинин көрүнүктүү илимпоз-адабиятчысы, манас таануучу, сынчы жана котормочу.
Кыскача өмүр таржымакалы
Камбаралы Ботояров Кыргызстандын Ош дубанындагы Өзгөн ооданына караштуу Ийри-Суу айылында туулган.
1970-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин аяктаган соң, эмгек жолун Кыргыз КСР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.
1974—1981-жылдары мурдагы КСРБ Илимдер академиясынын М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда адегенде стажёр-изилдөөчү, андан соң аспирант катары билим алган.
Ошол эле учурда Москвадагы атактуу Малый театрдын алдындагы М.С.Щепкин атындагы театр өнөрү боюнча жогорку окуу жайында, андан кийинчерээк А.В. Луначарский атындагы театр өнөрү институтунда окутуучу болуп иштеген.
Аспирантураны аяктагандан кийин 1981—1983-жылдары Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин биринчи катчысынын жардамчысы болуп иштеген.
1983—1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин алдындагы «Манас» эпосун басып чыгаруу бөлүмүнүн окумуштуу-катчысы, андан соң Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор болуп иштеген.
1989-жылдан тартып эркин чыгармачыл ишке өткөн. 1994-жылы Бишкекте каза болгон.
Remove ads
Чыгармачылыгы
К.Ботояров манас таануучу, валиханов таануучу, фолклор таануучу, текст таануучу, булак таануучу адис катары дурус маалым.
К. Ботояровдун алгачкы сын макалалары, илимий изилдөөлөрү 1970-жылдан тартып басма сөз бетинде жарыялана баштаган. Анын калемине «Кыргыз элинин махабат лирикасы» (1974). «Көкөтөйдүн ашы»: Ч. Валиханов жаздырып алган вариант боюнча» (1979) жана башка көлөмдүү илимий эмгектер, «Поэтика дүйнөсүндө» (Б.: Адабият, 1983) аттуу адабий сын макалалар китеби таандык.
К. Ботояров көркөм котормо жаатында да белсемдүү иштеп, Исай Калашниковдун «Каар заман» тарыхый романын, Рабгузинин «Пайгамбарлар баянын», француз кыргыз таануучусу, профессор Реми Дордун «Оогандык кыргыздар» аттуу тарыхый-этнографиялык изилдөөсүн, «Түркмөн эл жомокторун, «Өзбек эл жомокторун» ж.б. көлөмдүү эмгектерди кыргыз тилине которгон.
Remove ads
Үй-бүлөсү
Жесири - Анара Макеева.
Алар уул-кыздуу болушкан.
Эстутум
К.Ботояровдун ысымы Кыргызстандын Ош дубанынын Өзгөн ооданына караштуу Ийри-Суу айылындагы ал өзү окуган орто мектепке берилген.
Жарыяланган чыгармалары
- Ботояров, Камбаралы. Көөнөргүс мурас («Манастын» «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунун Ч.Валиханов жаздырып алган варианты): Изилдөө жана текст / Фил. ил. канд. С.Т.Кайыповдун ред. астында; жооп. ред. Т.К.Чоротегин. — Бишкек: «Айбек» фирмасы, 1996. — 192 б. — ISBN 5-8355-0893-Х. Кыргызстан-Сорос фонду. - https://new.bizdin.kg/media/books/Көөнөргүс_мурас.pdf
- «Кыргыз элинин махабат лирикасы» (1974)
- «Көкөтөйдүн ашы»: Ч. Валиханов жаздырып алган вариант боюнча» (1979)
- К. Ботояров. Английское издание эпоса «Манас» (текстологические аспекты // Фольклор: Поэтика и традиция
/ Отв.ред. В. М. Гацак, — М.: Наука, 1982. — С. 211-222.
- «Поэтика дүйнөсүндө» (Б.: Адабият, 1983)
- Ботояров К., Ибраев Ш. Эпикалык мурастын бир тамчысы // Ала Тоо. — 1979. — №7.
Котормолору
- Исай Калашниковдун «Каар заман» тарыхый романы
- Рабгузийдин «Пайгамбарлар баяны»
- Реми Дордун «Оогандык кыргыздар» аттуу тарыхый-этнографиялык изилдөөсү
- "Түркмөн эл жомоктору"
- «Өзбек эл жомоктору»
Remove ads
Кошумча адабият тизмеси
- Hatto A.T. Kokotay and Bok Murun: A comparison of two relayed heroic poems of the Kirghiz. Pt. 1-2.- BSOAS. -1969.-vol. 32. - №2.- p.344-378; №3.- p. 541-570; The kighiz original of «Kukotay found» // BSOAS. - 1971. - vol.34. - Pt. - p.379-386.
- Валиханов Ч. Избранные произведения.— Алма-Ата, 1958.
- Жирмунский В.М. Введение в изучение «Манаса».— Ф.: 1948.
- Караев Ө. «Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору // КМ.— 1988.—18-август.
- Кондучалова С. В. В.Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрү. — Ф.: Илим, 1961.
- Кондучалова С. В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрү. Ф.: Илим, 1964.
- Кыдырбаева Р.З. Генезис эпоса «Манас» / Подред. д-рафилол. наук. Х.Г.Короглы.—Ф.: Илим, 1980.
- «Манас» — героический эпос киргизского *арода - Ф.:Илим,1968.
- «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. — Ф.: Илим, 1966
- Маргулан А. Көкөтайдың эртегiсi Манас жырының Шокан жазып алган белiгi.— Алма-Ата: Жазушы, 1973.
- Маргулан А. Шокан жане «Манас»: «Манас» жырының Шокан жазып алган нускасы туралы зерттеү.— Алматы: Жазушы, 1971.
- Молдобаев И. Эпос «Манас» как источник изучения духовной культуры киргизского народа.— Ф.: Илим, 1989.
- Мусаев С. Эпос «Манас».— Фрунзе: Илим, 1979.
- Поливанов Е.Д. О принципах русского перевода эпоса «Манас» // «Манас» — героический эпос киргизского народа.— Ф.: Илим, 1968.
- Радлов В.В. Образцы народной литературы северных тюркских племен. Ч.У. Наречие дикокаменных киргизов. — СПб., 1985.
- Реми Дор. Оогандык кыргыздар / Которгон К.Ботояров. — Б.: Адабият, 1993.
- Худяков Ю. Вооружение енисейских кыргызов. — М.: Наука, 1981.
Remove ads
Кыскача адабият тизмеси
- Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. - Фрунзе: "Адабият", 1989. - 656 стр. - ISBN 5-660-00084-3.
- Чоротегин Т.К. Алгы сөз // Ботояров, Камбаралы. Көөнөргүс мурас («Манастын» «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунун Ч.Валиханов жаздырып алган варианты): Изилдөө жана текст / Фил. ил. канд. С.Т.Кайыповдун ред. астында; жооп. ред. Т.К.Чоротегин. — Бишкек: «Айбек» фирмасы, 1996. — Б. 3.
Remove ads
Интернеттик шилтемелер
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads