Бразилиа

From Wikipedia, the free encyclopedia

Бразилиа
Remove ads

БразилиаБразилиянын борбор шаары. 1960-ж. 21-апрелде Рио-де-Жанейро шаарынан расмий которулган. Бразилиа бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан, чет жакасы менен Федерация борбордук округун түзөт. Калкы 2,0 млн (2015). Эл аралык аэропорту, метрополитен (2001), тамак-аш, жеңил өнөр жайы, университет бар. Шаар борбордун функциясын аткаруу үчүн атайын курулган; планда (1957-ж. архитектор Л. Коста иштеп чыккан) самолёттун сөлөкөтүн элестетет. «фюзеляжында» администрациялык жана коомдук имараттар, «канаттарында» турак жай кварталдары, «тумшугунда» үч бурчтуу аянтында улуттук конгресс сарайы, асман мелжиген секретариат, өкмөт жана юстиция сарайлары (архитектор О. Нимейер) жайгашкан. Аянттын тегерегине министрликтин 20 кабаттуу имараты курулган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Thumb
Бразилиа шаары
Remove ads

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads