Адамдын буту

From Wikipedia, the free encyclopedia

Адамдын буту
Remove ads

Бут — таяныч жана кыймыл органы. Буттун функциясы негизинен үчкө бөлүнөт: бут дененин таянычы (туруп туруу, денени тик абалда кармоо), денени кыймылга келтирет (басуу, чуркоо жана башка) жана секиргенде, чуркагандагы күчтү амортизациялайт. Бут бири-бири менен муун аркылуу бириккен үч бөлүктөн: сан, балтыр жана бут кетменинен турат. Бут дененин тулку менен бут курчоосу аркылуу биригет. Буттун кыймылы колдукуна салыштырганда азыраак. Буттун скелети — кашка жиликтен, балтырдын эки сөөгү — чоң жана кичине жилинчик сөөктөн, бейбелчек жана шыйбылчактан жана манжа сөөктөрүнөн турат. Кашка жиликтин жогору жагы жамбаш сөөгүнүн чуңкурунда шар сымал муун баштыгы аркылуу бекийт.
Кашка жиликтин төмөн жагы шыйрактын жото жилик менен блок сымал тизе муунун түзөт. Сан булчуңдары алдыңкы, арткы жана ичке имерилтүүчү булчуңдардан турат. Шыйрак сөөктөрү бири-бири менен кыймылсыз бириккен, төмөнкү учтары бут кетмени менен кызыл ашык муунун түзөт. Шыйрак булчуңдары бут кетмени менен манжаларды кыймылга келтирип туруучу алдыңкы, арткы, сырткы булчуңдардан турат. Буттун кетмени туруп турганда басканда таяныч кызматын аткарат.

Thumb
I. Бут скелети: 1— жамбаш сөөгү; 2— жамбаш мууну; 3— кашка жилик; 4— тизе; 5— шыйрак сөөктөрү; 6— кызыл ашык; 7— бут кетмен сөөктөрү.
Thumb
Бут булчуңдары: 1—соор булчуңу; 2— сандын чоң чарымы; 3— сандын төрт баштуу булчуңу; 4— эки баштуу булчуңу; 5— шыйрактын үч баштуу булчуңу; 6— манжаларды жазуучу узун булчуң; 7— согончок тарамышы.
Ыкчам фактылар Каталогдор ...
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 Нога человека Адамдын буту

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads