Вазелин

From Wikipedia, the free encyclopedia

Вазелин
Remove ads

Вазелин (лат. Vaselinum, Paraffinum unguinosum, Petrolatum) — катуу углеводороддор менен оор нефть майларынын аралашмасынан турган май сымал масса. Медицинада дары майларын жасоодо анын негизин түзөт. Таза вазелин терини жумшартат. Ага 5 пайыздуу бор кислотасын кошуп бордуу Вазелин алынат. Вазелин сезгенүүгө каршы таасирге ээ жана түрдүү дүүлүктүргүчтөрдөн сактайт. 1859-жылы англиялык химик Роберт Чезбро ойлоп тапкан. Башында ал затты "нефть желеси" деп атаган. Анын мындай аталышына сатып алуучулар көнбөй жүргөн. Анан Роберт өзү жасаган вазелинди мындай 2 сөздүн биригүүсүнөн келип чыккандыгын атоону чечкен.Немецче "Wasser"- cуу, жана грекче "elaion" - оливки майы. 1872-жылы АКШдан өндүрүштү сатууга (патент) документ алган. 1878-жылы сатыкка чыгарган. Азыркы убакта вазелин соода белгисинде (марка) сатылып келет.

Thumb
Идиштеги вазелин
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads