Жузеппе Верди

From Wikipedia, the free encyclopedia

Жузеппе Верди
Remove ads

Жузеппе Фортунино Франческо Верди (итал. Giuseppe Fortunino Francesco Verdi) — (10.10.1813, Ронкеле 27.1. 1901, Милан) италиялык композитор Верди Жузеппе 1813 жылы Италия шаарында туулган. Ал 7 жашынан музыкадан сабак алган. Ал эми 15 жашынан увертюраларды, фортепьяно үчүн пьесаларды чыгарган. 1839-ж. Миланда анын «Оберто, граф Сан-Бонифачо» аттуу туңгуч операсы коюлган. 1842-49-ж. 13 опера жазган, анын ичинде «Эрнани» (1844), «Аттила» (1846), «Луиза Миллер» (1849). 19-кылымдын 50-жылдары жаралган «Риголетто» (1851), «Трубадур» (1852), «Травиата» (1853) өңдүү опералары композитордун атагын чыгарган. 60-жылдары «Симон Бокканегра» (1857), «Дон Карлос» (1867), атактуу «Аида» (1871-ж. Каирде коюлган) операсын, 1886-ж. психологиялык музыкалык драманын жогорку үлгүсү «Отелло» операсын (1887-ж. Миланда коюлган) жараткан. Анын 26 опера, кыл аспаптар үчүн чыгармалары бар. «Отелло», «Травиата», «Риголетто» ж. б. опералары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлган.

Ыкчам фактылар Негизги маалымат, Толук ысымы ...
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads