Ворскла (дарыя)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Ворскла - Украинанын Сумы жана Орусиянын Полтава областтарындагы дарыя.
Днепрдин сол куймасы. Узундугу 464 км, алабынын аянты 14700 км2. Орто Орус дөңсөөсүнөн башталат. Оң жээги тик, дөңсөөлүү, кокту-колоттуу. Сол жээги түзөң. Негизинен кар суусунан куралат. Ноябрда тоңуп, апрелде ачылат. Жылдык орт. чыгымы 28,5 м3/сек. Ири куймалары; Мерла, Коломак, Ворсклица. Жээгинде Грайворон, Полтава, Кобеляки шаарлары жайгашкан.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. - 672 б.
Калып:River-stub
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads