Вычегда
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Вычегда ― Орусиядагы Коми Республикасы менен Архангел облусундагы дарыя, Түндүк Двинанын оң куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 121 миң км2. Тиман токолтоосунан башталып, башында кууш өрөөн менен агып, босоголуу, төмөн жагы жазы, жайылмасында салаалар жана эски нуктар көп. Негизги куймалары Вымь (оң) жана Сысола (сол). Орточо чыгымы 1160 м3/сек. Ноябрдын башынан апрелдин аягына чейин тоңот. Вольдино пристанына чейин (938 км) кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Сыктывкар, Сольвычегодск, Котлас (чатында) шаары жайгашкан.
Remove ads
Булактар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads