Газ термометри

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Газ термометри – температураны (Т) өлчөөчү прибор; анын иштеши идеалдык газдын басымынын (p) же көлөмүнүн (V) температурага көзкарандылыгына негизделген: pV=RT (R – газдык турактуу сан). Азыркы температуралык шкалалар температураны Газ термометри аркылуу өлчөйт. Эл аралык практикалык температура шкаласынын репер чекиттерин аныктоодо Газ термометри колдонулат. Адатта турактуу көлөмдөгү, температурасы көлөмгө жараша өзгөргөн Газ термометри пайдаланылат. Газ термометри менен ~2ден 1300 K ге чейинки температура өлчөнөт.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads