Галилео Галилей
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Галилео Галилей — Италиялык улуу окумуштуу физик, механик жана астроном, табият илимине негиз салган.

Remove ads
Өмүрү таржымалы
Галилей 1564 жылы 15-февралда Пиза шаарында туулган.Ал Аристотель, Евклид, Архимеддин эмгектеринен таалим алган. Металл куймаларынын составын тез аныктоо жана фигуранын оордук борбору жөнүндөгү геометриялык изилдөөлөр учүн гидростатистикалык тараза жасаган.1589-жылы Пизадагы, 1592-жылы Падуэ математикалык кафедраларын жетектеп, илимий иш жүргүзгөн.
Эмгеги
Окумуштуу ойлоп табуучунун чыгармачылыгы 1592-1610-жылдары өтө күчтүү өнүккөн. Ушул жылдар да ал нерсенин эркин, жантык, тегиздик боюнча түшүшү, горизонтко бурчу боюнча ыргытылган нерсенин кыймылы, маятниктин изохрондуу термелиши жөнүндөгү эмгектерин жараткан. Илимпоз өзүнүн илимий окууларын туура жүргүзүү менен Н. Коперниктин теориясынын тууралыгын ырастаган.
Ачылыштары
1690-жылы чоңойткуч оптикалык түтүк телескопту биринчи жолу өзү жасап айга багыттап улуу ачылыштарга жол салган. Айдын бети тегиз эместигин, айда тоолор өрөөндөр бар экендигин байкап, алардын бийиктигин өлчөп, айдын жерге окшош экендигин далилдеген. Ал кезде айды жылмакай хрусталлга окшош шар түрүндө деп түшүнүшкөн.Чолпон планетасы да айга окшоп өзүнүн формасын, фазасын өзгөртүп турарын телескоптон байкаган. Ал жердин айланасында айланбастан, күндүн айланасында айланганда алмашуу болорун далилдеп, юпитердин 4 спутнигин ачкан. Күндүн бетиндеги кара тактардын орун которулуштуруусу аркылуу Күн да ез огунан айланаарын ачкан.«Саманчынын жолун» телескоп менен Караганда ал куралсыз көзгө керүнбөгөн көп жылдыздардан турарын көргөзгөн.Ошентип, ага жылдыздардын чексиз дүйнөсү ачылган.
Ишмердүүлүгү
1633-жылы динчилер окумуштууну соттошуп коркутушуп, окуусунан баш тарттырышкан. Галилей Коперниктин окуусун акыр-аягына чейин жактаган. Улуу окумуштууну өмүр бою эч жакка чыгарбоого аргасыз кылып тыюу салса да механика тармагы боюнча улам жаңы ачуулары менен илимдин өнүгүшүнө көмөкчү болуп, динчилердин куугунтуктоосуна карабастан Галилей илимий көз караш үчүн күрөшүүчүлөрдүн эң көрүнүктүүсү болуп түбөлүк кала берген.
Remove ads
Өмүрүнүн акыры
Ал 1642-жылы Арчетриде дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар
ГАЛИЛЕЙ Галилео // Бул ким. Ал эмне. Кыргыз Совет Энциклопедиясы Т. 1. - Б., 1992. - Б. 258-259; ГАЛИЛЕЙ Галилео // Кыргыз Совет Энциклопедиясы Т. 2. - 1977. - Б. 107.
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads