Географиялык координаттар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Географиялык координаттар – Жер бетиндеги чекиттин ордун аныктоочу кеңдик жана узундук.

Географиялык кеңдик (φ) – берилген чекиттен өтүүчү түз сызык менен экватор тегиздигинин арасындагы бурч, ал экватордун эки жагына тең 0°тан 90°ка чейин эсептелинет.
Географиялык узундук (λ) - берилген чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги менен баштапкы меридиан тегиздигинин арасындагы эки грандуу бурч, ал меридиандын башталышынан чыгышты көздөй 0°тан +180°ка (чыгыш узундук) жана батышты көздөй 0°тан – 180°ка чейин (батыш узундук) эсептелет.
Гринвич обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан нөл же башталыш меридиан деп аталат.
Геоборбордук координаталар системасы – асман телолорунун абалын Жердин борборуна салыштырылып аныктоочу координаталар системасы.
Remove ads
Кошумча макалалар
Колдонулган адабияттар
- Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads