Гликолдор

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Гликолдор, эки атомдуу спирттер – курамында эки гидроксил группасы бар алифатттык бирикмелер. Г. эң жөнөкөй өкүлү этиленгликоль (этандиол-1,2) НО-СН2-СН2-ОН, түссүз, илээшкек суюктук, кайноо t 197оС; сууда, спиртте жакшы эрийт. Ири мол-лык массалуу Г. – катуу заттар. Г. спиртке мүнөздүү болгон бардык касиеттерге ээ. Этиленгликол Вагнер реакциясы б-ча калий перманганаты менен этиленди жумшак шартта окистендирип алынат

+О, +НОН

СН2= СН2 ——— НО-СН2-СН2-ОН

Ө. ж.-да, күкүрт к-тасын катышуусунда, 1000С, этилен оксидин гидратациялоодон алынат.

Н2С СН2 + Н2О  НО - СН2 - СН2 -ОН

О

Аны дигалогендүү бирикмени гидролиздөөдөн да алууга болот. Этиленгликол менен суу аралашмасы антифриз катары глицерин ордуна жана этиленгликоль эфирлерин алууда баштапкы зат катары колдонулат.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads