Дарыкана

From Wikipedia, the free encyclopedia

Дарыкана
Remove ads

Дарыкана ― дары-дармек, таңгыч материал, оорулууну багуу үчүн керектүү буюм жана башка медициналык товарларды даярдоочу, сактоочу жана берүүчү мекеме. Дарыкана байыркы доордон баштап пайда болгон. Орусияда биринчи Дарыкана 1581-ж. ачылган. Дарыкана кызматкерлеринин милдетине дарылардын жарамдуулук мөөнөтүнө көз салуу, капысынан ооруп калган же кырсыкка учурагандарга врач келгенге чейин тез медициналык жардам көрсөтүү (бул максатта дары бекер берилет) кирет. Айыл жерлерде дарыкана кызматкерлери жапайы өскөн дары өсүмдүктөрдү чогултууну уюштурат. Дарыканаларда жогорку жана орто фармацевттик билими бар кишилер иштейт.

Thumb
Дарыкана XIV кылымда
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads