Динозавр

From Wikipedia, the free encyclopedia

Динозавр
Remove ads

Динозаврлар (Dinosauria) - сойлоочулардын тукум курут болгон, саны эң көп түркүмү. Динозаврлардын алгачкы түрү орто триас мезгилинде, акыркы түрү бор мезгилинин аягына чейин жашаган. Узундугу 25 мге жеткен. Динозаврлардын түпкү теги триастык архозаврлар-текодонттор болгон. Айрымдары (жырткыч динозаврлар, орнитоподдор) эки буттап, башкалары (стегозаврлар, мүйүздүү динозаврлар) төрт буттап баскан. Динозаврлардын бир нече жүз түрүн бириктирген 2 түркүмү - кескелдирик учалуу (апатозаврлар, диплодок) жана куш учалуу динозаврлар (игуанодонттор, өрдөк тумшук динозаврлар, стегозаврлар, заурлоф) болгон. Алар кургакта, кээ бири сууда жашаган.

Thumb
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads