Домбра

From Wikipedia, the free encyclopedia

Домбра
Remove ads

Домбра (казакча домбыра) – казактардын эки кылдуу музыкалык чертме аспабы. Тулкусу өрүктөн, карагайдан чабылат. Доошу жапыз, коңур жана назик, квартага, квинтага, октавага толгонот. Домбрада чертилген чыгармалар күй деп аталат. Аспаптын коштоосунда обон, ыр, дастандар аткарылат. Домбранын Чыгыш Казакстанга тараганы моюну жоонураак жана кыскараак келип, 7–8 беренелүү, Батыш Казакстанга тараганы, тескерисинче, мойну ичке келип, 14–17 беренелүү. 1934-ж. Домбра өркүндөтүлүп, оркестрлик түрлөрү жасалган (домбра-секунда, домбра-альт жана башка). Алар Курмангазы атындагы Казак эл аспаптар оркестринин өзөгүн түзөт.

Thumb
Remove ads

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads