Доминикалыктар (эл)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Доминикалыктар — эл. Кичи Антил тобундагы Доминика аралынын негизги калкы. Саясий жактан Доминика Британ Шериктештиктин курамындагы көзкарандысыз мамлекет.
Саны — 72,8 миң адам (2010ж.).
Remove ads
Тил
Доминиканын калкы француз тилинин негизинде түзүлгөн патуа креол тилинде сүйлөйт. Ал 20-кылымдын ортосуна чейин негизги сүйлөө тили болгон[1].
Учурда Доминикада англис тилинин позициялары күчөтүлүүдө.
Дин
Ишенгендердин көбү католиктер. Калгандары — протестанттар (жетинчи күндүн адвендистери, баптистер, методистер ж.б.) жана растафариандар.
Келип чыгышы
Доминикалыктар негизинен негрлер жана мулатар. Алар Африкадан алынып келинген, жарым-жартылай француздар жана англистер менен аралашкан туткундардын тукумдары болгон.
Мындан тышкары аралдын чыгышында резервацияда 2 миңге жакын индейлер-карибдер жашайт.
Чарбачылык иштер
Экономиканын негизги тармагы — айыл чарба. Анда негизги калк иштейт. Банан, лайм, грейпфрут, апельсин, кофе, какао, кокос, манго, папайя, инжир өстүрүлөт.
Банан, цитрус жемиштери, кофе, жемиш ширелери, эфир майлары, самын экспорттолот.
Өнөр жай айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан гана көрсөтүлөт.
Туризм тармагы өнүккөн.
Маданият
Жергиликтүү маданиятта француз маданиятынын күчтүү таасири байкалат.
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads