Европа аралы

From Wikipedia, the free encyclopedia

Европа аралы
Remove ads

Европа аралы - Франциянын ээлиги (1897-жылдан). Инди океанындагы Мозамбик кысыгында жайгашкан. Аянты 28 км2. Туруктуу жашаган калкы жок. Аралда анча чоң эмес аскер гарнизону жана метеостанция бар. Кийинчерээк станция автоматташтырылып, анда иштеген кызматкерлер өз мекенине кайтышкан. Убактылуу жай мезгилинде гана иштеген (уз. 1 км) аэропорту бар. Табигый ландшафты өзгөрбөй сакталган арал. Ал мангр токою менен капталган. Кокос пальмасы көп өсөт. Улуттук корук. Жапайы эчки кездешет. Океандан аралга миңдеген жашыл таш бакалар чыгып, жумурткалайт.

Thumb
Европа аралы.
Thumb
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads