Елизавета II

From Wikipedia, the free encyclopedia

Елизавета II
Remove ads

Елизаве́та II (англ. Elizabeth II), толук аты — Елизаве́та Алекса́ндра Мари́я (англ. Elizabeth Alexandra Mary; 21-апрель 1926, Лондон, Улуу Британия - 8-Сентябрь 2022, Шотландия, Улуу Британия) — Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун королевасы (Виндзор династиясынан). Мамлекеттик англикан чиркөөсүнүн башчысы. Гуманитардык билим алып, экинчи дүйнөлүк согушта 3 жумалык аскер курсун бүтүргөн. 18 жашында мамлекеттик кеңешчи болуп дайындалып, атасы Георг VI дүйнөдөн кайткан соң такка отурган. Филипп Эдинбургга күйөөгө чыгып (1947), принцтер Чарльз (1948), Эндрю (1960), Эдвард (1964), принцесса Аннаны (1950) төрөгөн. Улуу Британиянын конституциясы боюнча Елизавета II мамлекет башчысы болуп эсептелип, формалдуу түрдө согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү, парламентти чакыруу, таратуу, жогорку мамлекеттик кызматка татыктуу кишилерди дайындоо укугуна ээ. Маанилүү маселелер боюнча Елизавета II жума сайын премьер-министр менен жолугуп, кеңешип, өз ой-пикирин айтып турат. Елизавета II – дүйнөдө эң бай адамдардын бири. 1993-жылдан ыктыярдуу түрдө салык төлөй баштаган.

Ыкчам фактылар Андан мурунку:, Андан кийинки: ...
Remove ads

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads