Жапыз тоо рельефи
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жапыз тоо рельефи – салыштырмалуу бийиктиги 1000 мден ашпаган тоо рельефинин тиби. Көбүнчө бийик тоолордун чет-жакасына, тектоникалык көтөрүлүүлөр анча болбогон зоналарга мүнөздүү. Кээде обочо жайгашкан жапыз тоолор да кездешет, мисалы, Казакстандагы Муголжар. Жапыз тоо рельефи негизинен андан бийик тоолордун денудациясынан пайда болот. Ага кыры жайпагыраак суу бөлгүчтөр жана жантайма капталдар, тектоникалык көтөрүлүүдө ургаалдуу эрозиялык тилмеленүүгө дуушарланган жерлерине өрөөн-капчыгайлуу, кокту-колоттуу, айрым жерине дөбө-дөңсөөлүү рельеф мүнөздүү. Мөңгү жаткан бийик алкактарда Жапыз тоо рельефи альп мүнөзүнө ээ. Жапыз тоо рельефинде ландшафттын өзгөчөлүктөрү орто жана бийик тоолордо салыштырмалуу азыраак байкалат.
Remove ads
Байланыштуу макалалар
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads