Жылуу-Суу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жылуу-Суу, Үч эмчек – Ички Теңир-Тоодогу суу, Нарын дарыясынын алабында. Узундугу 51 км, алабынын аянты 690 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталына Үч эмчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрөн башталып, Буркан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 км2) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашка-Cуу, Ашуусуу ж.б. Чатына жакын Тешик-Көл (аянты 0,65 к2) жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу Кайнар-Булак чыгат, июньда кирип, сентябрьда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 7,5 м3/сек. Өрөөнүндө Тоң жана Нарын районунун малы жайылат.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Кыргызстандын географиясы, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б.2004.
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads