Зор планеталар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Зор планеталар - (gigant planets) Күн системасындагы радиусу Жер радиусунан чоң планеталар. Тыгыздыгы Жер тыгыздыгынан төмөн, өз огунун айланасында тез айланат. Зор планеталар Күндөн өтө алыс болгондуктан, темп-расы өтө төмөн. Негизинен атмосфералык молекулярлык суутектен турат. Алар тыгыздыгы аз жана суутек өтө көп болушу менен башка планеталардан айырмаланат. Алардын тыгыздыгы 700-1700 кг/м? чегинде. Зор планеталарга Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун кирет. Алардын радиусу Жер радиусуна салыштырмалуу 11,18; 9,42; 3,84 жана 3,93кө, ал эми массасы Жер массасына салыштырмалуу 317,8; 95,1; 14,5 жана 17,2ге барабар.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads