Зыярат
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Зыярат - мусулмандардын түшүнүгүндө, кыялында бирдеме тилөө, күнөөдөн арылуу, сыйынуу, жооп табуу максатында пайгамбарлардын, машайыктардын, кожо-шайыктардын ысмына байланышкан жергиликтүү мазарларга, тоо-таштарга атайылап баруу, зыярат жасоо. Мындан сырткары, Меккеге барып мусулмандык парзды аткарып келүү - ажылык, ажы болуп келүү дегенди туюнтат. Ислам дүйнөсүндө Ахмед Яссавинин (Түркстан, Казак- стан), Бахауддин Накшбанди жана башка күмбөз бейиттерине зыярат кылуу өзгөчө салтка айланган. Кыргызстандагы зыярат кылуучу андай жайларга Ош шаарындагы Сулайман (Соломон) пайгамбардын ысымына байланыштырылган тоо кирет. Мындан сырткары, зыярат кылуучулар Абшырата, Арстанбап, Жалалабат (Азирети-Айып), Аксы, Алабука сыяктуу жерлерге барып сыйынышат. Эл арасында ыйык деп аталган жерлерге оорудан, ар түрдүү илдеттен арылуу үчүн, баласыздар болсо Жараткандан перзент тилегени, ооруга шыпаа издегени барышат.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads