Исланддар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Исланддар
Remove ads

Исланддар (исл. Íslendingar) — Исландиянын жергиликтүү калкы. Ошондой эле Канада, АКШ, Дания, Швеция, Норвегия жана Германияда да жашашат. Исланд тилинде сүйлөшөт.

Ыкчам фактылар Мамлекеттер жана аймактар, Тили ...

Христиан дининин протестант (лютеран) тармагын тутушат. Исланддар 9–10-кылымдарда Норвегиядан көчүп келген байыркы скандинавиялыктардын тукумдары. 13–14-кылымдарда исланд эли түзүлүп, улут катары калыптана баштаган. Исланддардын улуттук өсүшүнө Даниянын узак жылдар (1380-жылдан) үстөмдүк кылышы терс таасир тийгизген. Даниялык бийликке каршы күрөштөрдүн негизинде исланддар 1918-ж. өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили, маданияты, үрп-адат, улуттук салттары өнүгө баштаган. Исланддар мал чарбачылык, балыкчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишип, дубалы темир-бетондон тургузулуп, чатыры шифер жана темир менен жабылган үйлөрдө жашашат.

Thumb
Исланд улуттук кийими.

Улуттук кийими аялдарда көбүрөөк колдонулат. Алар жүндөн токулган белдемчи, ак көйнөк, алжапкыч, оймо-чиймеленген кара же кызыл түстүү чыптама, булгаары бут кийим, айрымдары кара матадан тигилген узун көйнөк (жакасы менен жеңи баркыттан салынып, кооздолгон), башына кара баркыт калпак кийип же жоолук салынышат. Эркектери матадан тигилген күрмө, шым, жылуу сокмо көйнөк жана тизеден өйдө байпак, тюлень терисинен башмак, башына калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан жана сүт азыктары.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads