Италяндар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Италяндар (өздөрүн италиялыктар деп аташат) — улут, Италиянын негизги калкы. Жалпы саны 68,5 млн адам адам, анын ичинен Италияда 54,9 млн адам киши (2007) жашайт. Алар Европада, Америкада, Австралияда, Океанияда, Африкада жана Азияда жашашат.

Remove ads
Тарыхы
Италяндардын этностук негизин биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Апеннин жарым аралында жашаган байыркы италик уруулары түзгөн. Алардын бири латындар, Лаций аймагын мекендеп, Римди негиздешкен. Биздин заманга чейинки 6–2-кылымдарда Апеннин жарым аралынын түндүгүндө этруск, лигур, венет, кельт урууларын, ал эми Корсика жана Сицилия аралынын түштүгүндө грек, карфагендиктер жана сикулдар жашашкан.
Жарым аралдын калкы биздин замандын 1–2-кылымдаында элдик латын тилинде сүйлөгөн. Италян урууларынын тилдери жергиликтүү диалектилердин түзүлүшүнө негиз болуп, кийин ал диалектилер италян тилинин диалектилеринин калыптанышына таасир эткен.
Биздин замандын алгачкы кылымдарында Апеннин жарым аралынын романдашкан эли ар түрдүү кулдардан турган. 5-кылымда герман уруулары (вестготтор, остготтор, лангобарддар), 6–11-кылымдарда византиялыктар, арабдар, франктар, венгрлер, норманндар менен аралашып, италян эли жана тили калыптанган. Бирок латын тили адабий тили бойдон кала берген.
Италян улутунун түзүлүшүнө адегенде латын тили, капиталисттик мамилелердин пайда болушу, Кайра жаралуу маданияты жана 13–14-кылымдарда тоскана диалектиси маанилүү роль ойногон. Италяндар 19-кылымдын 2-жарымында улут болуп калыптанган.
Алардын негизги кесиби дыйканчылык, жүзүмчүлүк, бакчачылык жана мал чарбачылык болгон. Байыркы мезгилде италяндар тегерек сымал курулган (трулли) үйлөрдө жашашкан, кийин дубалдарын таш жана кыштан тургузушкан. Үйлөрү эки же үч кабаттуу болуп, астыңкы кабаты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты тиричиликке ылайыкташтырылган.
Remove ads
Демографиясы
Италяндар Европада (Францияда 1,5 млн адам, Германияда 0,8 млн адам, Швейцарияда 408 миң, Бельгияда 0,2 млн адам, Улуу Британияда 0,2 млн адам киши), Америкада (АКШда 17 млн адам, Аргентинада 1,9 млн адам, Канадада 1,4 млн адам, Бразилияда 0,5 млн адам, Венесуэлада 0,4 млн адам, Уругвайда 100 миң киши), Австралияда (800,3 миң), Океания (300 миңдей), Африка (100 миң киши) жана Азияда (10 миңдей киши) жашашат.
Алар венециялыктар, лигуриялыктар, калабриялыктар, ломбардиялыктар, пьемонттуктар, сицилиялыктар, сардиниялыктар ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Роман тилдеринин тобуна кирген италян тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү христиан дининин католик тармагын тутушат.
Remove ads
Улуттук кийимдери
Алардын улуттук кийимдери: аялдары кенен, узун тигилген белдемчи, кыска жеңдүү кофта, алжапкыч (корсаж) кийип, жакет жана жубеттону желбегей жамынып, башына жоолук салынат. Эркектери кыска ыштан (шалбар), саймаланган жеңдүү көйнөк, кыска куртка, башына калпак киет.
Маданият жана тамак-аш
Италяндардын тамак-ашы негизинен жер-жемиштер жана жашылча, ун, сүт, эт, балык азыктарынан турат. Италия карнавал өлкөсү болгондуктан, италяндар маскарад кийимин кийишип, бардык майрамдарды шаңдуу майрамдашат. Элдик бийлери — тарантелла, сальтарелло, ломбарда жана бергамаска, алар дүйнөлүк музыкалык маданият менен көркөм сүрөт өнөрүнө чоң салым кошкон.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads