Калифорния технология институту

From Wikipedia, the free encyclopedia

Калифорния технология институту
Remove ads

Калифорния технология институту (англ. California Institute of Technology; Кыскача Калтех, англ: Caltech) - жеке жана докторлук даража берген университет болуп саналат. Ал АКШдагы Калифорния штатындагы Пасадина шаарында жайгашкан. 1891-жылы Амос Г. Трооп тарабынан даярдоочу программа жана кесиптик окуу катары түзүлөт жана алгач профессионалдык-техникалык мектеп болуп ачылган. 20-кылымдын башында колледжде Джордж Эллери Хейл, Артур Амос Нойс жана Роберт Эндрюс Милликан сыяктуу илимпоздор иштешкен. Башында даярдоочу жана профессионалдык мектептер жоюлуп, кайра 1910-жылы иштеп башташат. 1921-жылы азыркы Калифорния технология институту деп аталып калган. Ал 1934-жылы Америкалык ЖОЖдордун ассоциациясынына кирген. Мындан тышкары, 1936 жана 1943 жылдардын ортосунда Теодор фон Карман тарабынан ачылган НАСАнын Jet Propulsion Laboratory азыркы күнгө чейин иштелип келет. Кошмо Штаттардагы көркөм жана прикладдык илимдерди окутууга арналган окуу жайлардын бири болуп саналат.

Thumb
Калифорния технология институту.

Калтех көптөгөн дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайлардын бири. Калтех бүтүрүүчүлөрүнүн жана окутуучуларынын арасынада 34 Нобель сыйлыгынын лауреаттары, (алардын ичинде Линус Полинг эки жолу бул сыйлыктакка татыган, тарыхта биринчи адам болгон), 1 Fields медаль ээси, 6 Turing Award сыйлыгынын лауреаттары, 4 АКШнын аба күчтөрүнүн окумуштуулары жана 71 United States National Medal of Science or Technology сыйлыктарынын лауреаттары бар. Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук академиялардына 112 окутуучу шайланган. Мындан тышкары, көптөгөн окутуучулар Говард Хьюз медицина институтуну жана НАСА менен байланышта. Pomona College изилдөөсү боюнча, Калтех докторлук даражасын бүтүрүүчүлөр АКШдагы окуу жайлар арсында биринчи орунда турат.

Remove ads

Тарыхы

Кампустары

Жетекчилиги

Шилтемелер

California Institute of Technology (расмий сайт)

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads