Кальций

К. н From Wikipedia, the free encyclopedia

Кальций
Remove ads

Кальций (лат. Calcium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIА группа элементи; к.н. 20, ат. массасы 40,08; ат. радиусу 1,97, иондук радиусу 1,04; тыгызд. 1,54 г/см³ ; эрүү температурасы 851°С; кайноо температурасы 1492°С. Жаратылышта К. туруктуу 6 изотобу бар: ⁴⁰Са (96,97 %), ⁴⁴Са (2,09 %), ⁴²Са (0,667 %), ⁴⁸Са (0,184 %), ⁴³Са (0,135 %) жана ⁴⁶Са (0,003 %).

Thumb
Кальций

К. табигый бирикмелери: СаСО3арагонит, CaMg(CO3)2доломит, CaF2 - флюорит, CaSO4•2H2O - гипс; Са3(РО4)2фосфорит жана 3Са3(РО4)2 Са(F,Cl2)2 - аппатит ж.б. К. - күмүш сымал ак, жеңил металл. Металл түрүндөгү К. 1-жолу 1808-ж. Г.Дэви алган. Жер кыртышында (массасы б-ча) 2,96 %ти ээлеп, O, Si, Al, Fe кийинки 5-орунда турат. К. ысытканда бардык металлды алардын оксидинен, сульфидинен жана галогенидинен сүрүп чыгарат. Кадимки температурада К. кычкылтек менен реакцияга оңой кирип, СаО пайда кылат, СаО сууда эрип, күчтүү негизди Са(ОН)2 берет. К. бардык кислоталар менен реакцияга оңой кирип, суутекти сүрүп чыгарат. Галогендер менен аракеттенип тиешелүү туздарды, кургак суутек менен аракеттенип гидриддерди, графит менен кошуп ысытканда карбидди пайда кылат. Кальций эритилген СаСl2-дин электролиздөөдөн жана алюминотермиялык ыкма менен алынат:

Таза кальций металлы цезий, рубидий, хром, цирконий, торий, ванадий бирикмелирин металлга чейин калыбына келтирүүдө жана болот иштетүүдө колдонулат. Техникада кальций коргошун менен куймасы, минералдары кеңири пайдаланылат. Мис., өчүрүлгөн акиташты, цементти, силикат кышын алууда, түздөн-түз курулуш материалдары катарында, металлургияда, хим. ө. ж-да К. карбидин, соданы, хлордуу акиташты, жер семирткичтер алууда, кантты, айнекти өндүрүүдө колдонулат. Бор, мрамор, меланд шпаты, гипс, флюориттин ж.б-дын практикалык мааниси өтө чоң.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads