Кантабрия тоолору

From Wikipedia, the free encyclopedia

Кантабрия тоолору
Remove ads

Кантабрия тоолоруИспаниянын түндүгүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булуңун жээктей 500 кмге созулат. Бийиктиги 2648 мге чейин. Түндүк капталдары тик, аскалуу, дарыялардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү менен терең тилмеленген, Месетага караган Түштүк капталы жантайыңкы. Кантабрия тоолору герцин бүктөлүү структурасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун Орточо бийиктиги 2000 м чамасында) рельефинин татаалдыгы менен өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 м) тоо кырлары жана капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк жана башка) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган Түндүк капталдарына жазы жалбырактуу жана аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 м бийиктен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир жана полиметалл кендери бар.

Thumb
Кантабрия тоолору.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads