Кан тамырлар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Кан тамырлар
Remove ads

Кан тамырлар – киши жана жаныбардын канын жүрөктөн дене ткандарына жеткирүүчү (артериялар, артериолдор, артерия капиллярлары) жана андан кайра жүрөккө алып келүүчү (веналар, вена капиллярлары) түтүктөр. Артериялар кычкылтекке каныккан канды орган, мүчө жана ткандарга жеткирет. Анын жүрөктөн чыккан өтө жоон жери толто деп аталат. Толтодон ар бир мүчөгө өзүнчө артерия кан тамырлары бөлүнүп чыгат. Ал артериялар бара-бара ичкерип, майда кан тамырларга, капиллярларга өтөт. Веналар денеден бардык органдар менен ткандардан чогулган канды жүрөккө алпарат. Алар эң ичке капиллярлардан (венула) пайда болот. Венулалар улам биригип отуруп, орто жана жоон веналарга айланат. Дененин төмөнкү бөлүгүнөн кан жыйноочу вена – төмөнкү көңдөй, жогорку бөлүгүнөн жыйноочу веналар жогорку көңдөй веналар деп аталат. Ал эми тамак сиңирүүчү органдардан канды чогулткан веналар боорго куят да, дарбаза венасы деп аталат.

Thumb
Кан тамырлар (артериялар жана вена системасы).
Remove ads

Байланыштуу макалалар

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads