Каракалпак тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Каракалпак тили (Қарақалпақ тили, Qaraqalpaq tili) — каракалпактардын тили. Түрк тобундагы тилдердин бири. Каракалпак тили түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш деп эки диалектиге бөлүнөт жана ал диалектилер фонетикалык өзгөчөлүктөргө ээ.
Каракалпак тили үчүн жалпы түрк тилиндеги «ч» жана «ш» тыбыштарынын «ш» жана «с» тыбышына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мисалы, каш – «кач», бас –«баш»). Бул жагынан ногой, казак тилдерине жакын. Каракалпак тили л/д/т тыбыштары өзүнөн мурда келген үнсүз тыбыштын өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мисалы, кыргыз – таштар; казак – тастар; каракалпактар – таслар). Каракалпак тилинде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жакындатат. Огуз тобу каракалпак тилинин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь социалисттик революцияясынан кийин калыптанган. Жазуусу 1928-жылга чейин араб алфавитинде, 1928–40-жылдары латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940жылдан орус алфавитине өткөн.
Remove ads
Ариптери
Каракалпактар латын жана кирилл алфавитин пайдаланышат. Учурдагы латын ариптери:
A a | Á á | B b | D d | E e | F f | G g |
Ǵ ǵ | H h | X x | Í ı | I i | J j | K k |
Q q | L l | M m | N n | Ń ń | O o | Ó ó |
P p | R r | S s | T t | U u | Ú ú | V v |
W w | Y y | Z z | C c | Sh sh | Ch ch |
Учурдагы кирилл ариптери:
А а | Ә ә | Б б | В в | Г г | Ғ ғ | Д д |
Е е | Ё ё | Ж ж | З з | И и | Й й | К к |
Қ қ | Л л | М м | Н н | Ң ң | О о | Ө ө |
П п | Р р | С с | Т т | У у | Ү ү | Ў ў |
Ф ф | Х х | Ҳ ҳ | Ц ц | Ч ч | Ш ш | Щ щ |
ъ | Ы ы | ь | Э э | Ю ю | Я я |
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Тышкы шилтемелер
- Ethnologue каракалпак тили жөнүндө англ. {{{1}}}
- Англисче-каракаплакча жана каракалпакча-аглисче онлайн сөздүктөр Archived 2012-09-19 at the Wayback Machine
- Кирилл алипбесинден латын алипбесине транслитератору
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads