Кара металлургия

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Кара металлургия – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн менен болоттон даярдалуучу түтүктөрдү, темир буюмдарын өндүрүүчү оор өнөр жай тармагы. Машина курууда, курулуш материалдарын чыгарууда, эл чарбасын техника менен жабдууда зор роль ойнойт. Мында Кара металлургиянын негизги сырьёсу болуп, темир кен таштары менен кокстуу көмүр эсептелет. Кенташты эритүүдө жана эришин тездетүүдө марганец кен ташы колдонулат. Өндүрүлгөн металлга өзгөчө сапат берүү үчүн ар кандай кошулмалар керектелет. Темир кен таштары Россия (Урал, Сибирь), Украина (Кузбасс, Кривой Рог), Казакстан, АКШ, Германия, Англия, Францияда көп кездешет.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads