Касымалиев Адылбек Алешович
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Касымалиев Адылбек Алешович (1-декабрь 1960-жыл, Долон айылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. 18-декабрь, 2024-жылдан бери Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы.
Remove ads
Өмүр баяны
Адылбек Алешович 1960-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган.
1984-жылы Ленинград финансы-экономика институтун «Экономист» адистиги боюнча аяктаган.
1984-1988-жылдары — Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык методдору илим-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери.
1988-1990-жылдары — Жол курулуш батальонунун каржы кызматынын начальниги.
1990-1993-жылдары — Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын начальнигинин орун басары.
1993-1994-жылдары — Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын начальнигинин биринчи орун басары.
1994-1995-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальниги.
1995-1996-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын № 2 башкармалыгынын начальниги, тышкы контроль башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
1996-1997-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
1997-1998-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Салык саясаты жана мыйзамдуулук башкармалыгынын начальниги.
1998-2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги.
2000-2001-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык жана бажы саясаты башкармалыгынын начальниги.
2001-2002-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги.
2002-2002-жылдары — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары.
2003-2005-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары.
2005-2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын төрагасынын биринчи орун басары.
2007-2009-жылдары — Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.
2009-2010-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.
2010-2011-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.
2011-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинде министрдин орун басары.
2012-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары.
2015-2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
2019-2020-жылдары — «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун директору.
2020-2021-жылдары — «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун төрагасы.
2021-2021-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары.
2021-2022-жылдары — Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү.
2022-2022-жылдары — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу [1].
2022-жылдын 20-июнунан тартып — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.
2024-жылдын 18-декабрынан — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси[2][3][4].
Remove ads
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads