Класс (биологияда)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Класс (лат. classis — топ) — биологиялык систематикадагы жогорку таксономиялык категориялардын бири. Жакын түркүмдөрдү (жаныбарларда) же катарларды (өсүмдүктөрдө) бириктирет. Мисалы, кемирүүчүлөр, курт-кумурска жечүлөр, жырткычтар ж. б. түркүмдөр сүт эмүүчүлөр классына биригет. Жалпы түзүлүштөгү жана келип чыккан теги бир класстын өкүлдөрү типке (жаныбарда) же бөлүмгө (өсүмдүктө) биригет. Мисалы, жерде-сууда жашоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр ж. б. жаныбарлардын хордалуулар тибин түзөт. Бир үлүштүү жана эки үлүштүү өсүмдүктөр жабык уруктуулар (гүлдүү өсүмдүктөр) бөлүмүнө биригет.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads