Ключи жанар тоосу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Ключи жанар тоосу — Евразиядагы жана Россиядагы эң бийик аракеттеги жанартоо; Камчатканын чыгыш бөлүгүндө. Бийиктиги 4750 м. Андезит-базальт лаваласынан түзүлгөн. Дайыма түтөп туруучу кратерлүү негизги конустун этегинде 84 конус жана кратер бар. Кыры кар, мөңгүлүү; капталдарында фумарол менен сольфатара процесстери жүрөт. 270 жыл ичинде 50дөн ашык катуу атылуулар болгон; эң акыркы жолу 2007-ж. атылган. «Камчатка жанар тоолорунун курамында» Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине (1996) кирген.

Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Калып:Volcano-stub Калып:Mountain-stub Калып:Geology-stub Калып:Glaciology-stub Калып:Geo-stub Калып:RU-geo-stub
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads