Концерт

From Wikipedia, the free encyclopedia

Концерт
Remove ads

Концерт (өнөр көрсөтүү) (латынча concertо – мелдешем дегенден) – артисттердин алдын ала жарыяланган программа боюнча эл алдында өнөр көрсөтүүсү. Концерт түрлөрү: музыкалык (симфониялык, камералык, фортепьянолук, скрипкалык ж. б.), адабияттык (көркөм окуу), аралаш (музыкалык номерлер, көркөм окуу, спектаклдерден, балеттерден үзүндүлөр ж. б.), эстрадалык (жеңил вокалдык жана аспаптык музыкалык чыгармалар, юмордук аңгемелер, пародиялар, цирк номерлери ж. б.). Концертке бир (жеке Концерт) же бир нече аткаруучу катышат. Жеке аспаптын же оркестрдин коштоосунда үн үчүн жазылган музыкалык чыгарма да Концерт - деп аталат. 18-кылымдан Акад - деп аталган автордук концерт кеңири тараган, В. А. Моцарт, Л. Ван Бетховен ж. б. өз чыгармаларын аткарып чыгышкан. Россияда концерт 18-кылымдын 40—70-жылдарында системалуу мүнөзгө өткөн. Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Кыргыз эл аспаптар оркестри, комузчулар ансамбли, «Даткайым» скрипкачылар ансамбли, ар кыл музыкалык жамааттар, ырчылар ж. б. аткаруучулар тарабынан концерттер үзбөй өткөрүлүп турат.

Thumb
Концерт
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads