Корнейчук Александр Евдокимович

From Wikipedia, the free encyclopedia

Корнейчук Александр Евдокимович
Remove ads

Корнейчук Александр Евдокимович [12 (25). 5. 1905, Россия империясы, Киев губерниясы, Христиновка станциясы (азыр Черкас облусундагы шаар) – 14. 5. 1972, СССР, Киев шаары] – украин драматургу, коомдук ишмер, Украин ССР Илимдер академиясынын (1939) жана СССР Илимдер академиясынын (1943) академиги, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967). Киев эл агартуу институтун бүткөн (1929). А. Корнейчук чыгармачылыгын аңгеме жазуудан баштаган. 1929-ж. «Туюкта» деген туңгуч пьесасы жарык көргөн. А. Корнейчук – «Таш арал» (1930), «Чабуул» (1931), «Эскадранын кыйрашы» (1933), «Платон Кречет» (1934), «Чындык» (1937), «Богдан Хмельницкий» (1939), «Майдан» (1942), «Макар Дубрава» (1948), «Днепрде» (1960), «Жүрөк унутпайт» (1969) ж. б. драмалардын автору. СССР мамлекеттик сыйлыгы, (1941, 1942, 1943, 1949, 1951), Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн эл аралык Лениндик сыйлык (1960) лауреаты. 5 Ленин ордени менен сыйланган.

Thumb
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads