Кулжа (шаар)

Кытайдагы шаар From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Кулжа шаары, (уйгурча: غۇلجا, кытайча: 伊宁) — Кытайдын түндүк-батышындагы шаар. Иле Казак автоном облусунун борбору. Иле дарыясынынын өрөөнүндө жайгашкан. Шинжаң-Уйгур автоном районунун курамында. Калкы 100 миңге жакын. Тамак-аш (мал чарба продуктусун иштетүүчү), текстиль ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токулат, тери өңдөлөт) өнүккөн. Уран, вольфрам ж. б. түстүү металлдын жана графит, асбест кендүү аймактын борбору. 1762-жылы негизделген.

Remove ads

Манас дастанда

"Манас" дастанда кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдер мекендеген жер катары көп эскерилет. Нескара менен Манастын урушунда: «Ошо суунун аягы Эми да аты өчкөн жок «Кулжа» аттанып калыптыр» [1]; Көкөтөйдүн ашында Жолой менен Кошой күрөшкө чыкканда Жолойду кордогону Кошойдун сөзү аркылуу эскерилет:

Кулжа-Тоонун оюнда,
Кутман байдын тоюнда...
Катылам деп Кошойго

Кан жөткүргөн жериң бар [2]. Кытай-калмак байгеге зордук кылып уруш чыгарганда: «Кужулдап кытай, калмагы Кулжага жакын барганы» [3],— деп айтылат. Географиялык реалия катары К. — Иле дарыясынын алабындагы тоо. Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунундагы суу, жер, шаар.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads